Бүгүн, 28-декабрда "Манас" аэропортунда "Электрондук дарбазалар" системи ишке киргизилди. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев билдиргендей, "электрондук дарбазадан" өтүү үчүн бир гана биометрикалык паспорт талап кылынат.
"Жаран бул системди колдонуу үчүн эки этаптан өтөт. Алгач жарандын манжасынын изинин негизинде өтсө, андан кийин биометрикалык санариптик сүрөтү тастыкталат. Келечекте чек ара өткөрүү жайларында дагы орнотулат. Жакын арада "Ош" эл аралык аэропортунда ишке кириши күтүлүүдө", - деди Догоев.
Ошондой эле ал азыркы учурда өлкөдө жарым миллиондон ашык адам биометрикалык паспорт алганын эскертти. Анын айтымында, 2018-жылдын 1-январынан тарта биометрикалык паспорт 320 сомдон берилет.