“Орусиядагы Кыргыз мигранттары 2018-жылы биометрикалык паспортторду акысыз алышы керек”, - деп бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова сунуштады.
"Орусияда иштеп, эмгектенип жүргөн жарандарга 2017-жылы биометрикалык паспортторду акысыз алуу мүмкүнчүлүгү берилген жок. Менимче, миграциялык өкүлчүлүккө паспорттук стол ачып, 2018-жылы ошол жерден мигранттар акысыз паспорт ала турган шарт түзүлүшү керек", - деди депутат.
Айта кетсек, парламент бүгүн Кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы өз ара миграция өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында ачыла турган Миграция кызматынын 9 өкүлчүлүгүнө дипломатиялык статус берилет.