Жогорку Кеңештин кийинки жалпы жыйыны 2018-жылдын 4-январында болот. Бул тууралуу төрага Дастан Жумабеков бүгүн, 28-декабрдагы жалпы жыйынын жыйынтыктап жатып билдирди.
"Бүгүнкү жыйын парламенттин узап бара жаткан 2017-жылдагы акыркы отуруму болду. 2017-жылда өлкөбүздө, парламентте да жакшы жагдайлар болду. Биз, парламент эл үчүн, мамлекет үчүн маанилүү мыйзамдарды кабыл алып берип, убагында өткөрүп, өкмөткө жардам бердик. Жакшы маанайдагы таза шайлоону өткөрдүк. Анын баары биздин ишибиздин натыйжасы.
Мен ойлойм, 2018-жылы да жакшы ийгиликтер күтүп турат. Ошол ийгиликтерди эл менен чогуу көрүп, эл арасында активдүүлүктү көрсөтүп жүрүшүңүздөргө тилектешмин. Жаңы жылда элибизде, мамлекетибизде токчулук болсун. Сиздер эл керегине жараган мыкты мыйзамдардын автору болуңуздар", - деди Жумабеков.
"Ушуну менен иш күнүбүз 4-январда башталат. Ал күнү жалпы жыйын болот. 5-январь күнү фракциялар өтөт. 6-январь да иш күнү болот", - деп кошумчалады Жумабеков.