Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаарында "Кыргыз улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун имаратында жаңыланган борбордук диспетчердик пункттун ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жана долбоорду каржылаган инвесторлор катышты.
Аскарбек Шадиевдин айтуусу боюнча, акыркы 7 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык системине 1 миллиард долларга жакын инвестиция тартылган. Буга чейинки борбордук диспетчердик пункт 1991-жылдан бери пайдаланылып келе жаткан.
"Диспетчердик пунктка 1991-жылы жабдуулар коюлган. Ал маалыматтарды так көрсөтө алчу эмес, 10 пайызга барабар каталык бар болчу. Буга байланыштуу Казакстанга экспорттолгон электр энергиянын көлөмү тууралуу талаштар жүрүп турган. Учурдагы жаңыланган систем аркылуу бул катачылыктарды жоюп, так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз. Бул Кыргыз өлкөсүнүн энергетика секторуна жакшы колдоо болот деп ишенем", - деп айтты биринчи вице-премьер-министр.
Аталган диспетчердик пункт аркылуу Кыргыз өлкөсүндөгү электр энергиянын жүрүшүн байкоого болот. Диспетчерлер электр энергиянын бардык ички жана тышкы жүрүшүн онлайн түрүндө көзөмөлдөп турушат.
Борбордук диспетчердик пунктун жаңылоо иштерин түркиялык "Акай" компаниясы аткарган. Аскарбек Шадиев айткан маалыматтар боюнча, жалпы жаңылоо иштерине 55 миллион доллар каржыланган. Анын 60 пайызы насыя катары болсо, 40 пайызы грант катары каржыланган.