SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Насвайды, тамекини кантип таштаса болот?" деген тема талкууланууда. Автор: "Жолдошум насвай атат. Такыр таштата албай жатам. Чөнтөгүнөн алып ыргытам, өрттөйм. Ал үчүн урушабыз. Жагымсыз жытынан жийиркенем. Элдин көзүнчө дагы ата берет. Мен жолдошумду жакшы көрөм, сыйлайм. Мага кеңеш бергилечи, кантип таштаса болот?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Насвайды таштоо оор нерсе, мен оозумдагы насвай менен тамеки тартат элем. Ошентип 3 жыл жүрдүм, бирок 2014-жылы эркекче таштадым деп таштап салдым. Чынында жаман нерсе, өзүм да ойлондум "үйлөнсөм кандай болот, сасып жүрөмбү" деп".
"Тамеки чегип, насвай аткан эркектердин аялдарына боорум ооруйт. Өтө жийиркеничтүү нерсе".
"Сиз жолдошуңузга насвайдын кантип жасалганы тууралуу видеолорду көрсөтүңүз. Бир таанышым "видеосун көргөндөн кийин чекким келбей калды" деп жатты эле".
"Насвай колдонгон адамга наркотик сымал болуп калат. Эгер жок болуп калса нерв болуп, тынчсыздана берет. "Эч эле таштай албай койдум" дегендерди көп эле угам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.