Бүгүн, 28-декабрда премьер-министр Сапар Исаков катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, катуу шамалдан улам Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облусундагы турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Өлкөнүн айрым райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен.
"Катуу жаан-чачындын айынан Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылган. Бүгүн саат эртең мененки 8.30да тазалоо иштери аяктаган соң жол кайрадан ачылган. Учурда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган турак жайлардын, социалдык жана башка объектилердин санын тактоо боюнча иштер жүрүүдө", - деди Боронов.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте аймактардагы турак жайы жабыркаган тургундарга курулуш материалдарын өздүк наркында берүү мүмкүндүгүн кароо тапшырмасын берди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер-жерлердеги катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон учурда кошумча атайы техникаларды тартуу тапшырылды.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Финансы министрлиги менен биргеликте келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо тапшырмасы берилди.