Чүй ОИИББи: "13 жаштагы кыздын ымыркайынын атасын аныктоо иштери уланууда"

13 жаштагы кыз төрөгөн ымыркайдын атасы ким экендигин аныктоо иши уланууда. Бул тууралуу 28-декабрда SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин баланын атасы белгисиз болуп жатканы маалымдалган. Көз жарган жаш эне бул боюнча так оюн айтпай, түрдүү жоопторду узатып жатканын кабарлайт милиция.

Маалым болгондой, мектеп окуучусунун кош бойлуу экени 22-сентябрда белгилүү болуп, факты боюнча Чүй ОИИББи тарабынан кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган жана тергөө иштери башталган. "Мектеп окуучусунун кош бойлуу болуп калышы боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Учурда ымыркайдын атасы ким экендигин аныктоо иштери улантылып жатат", - деп билдиришти ОИИББден.

Аламүдүн райондук билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя боюнча Лебединовка айылындагы №2-орто мектептин социалдык педагогуна сөгүш жарыяланып, мектептин директору кызматтан четтетилген.

Эскерте кетсек, 23-декабрь күнү Чүй облустук төрөт үйүндө 13 жаштагы мектеп окуучусу кесарево жолу менен кыз төрөгөн. Төрөт үйдүн башчысы Шайыргүл Мырзагалиеванын айтымына караганда, жаш эненин жана ымыркайдын абалы туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dalil
2017-12-28 19:48:36
Ата-энеси калып мектеп админстрациясы жооп береби. Мектеп убактысынан сырткары убакта ата-энеси менен болсо, анан ата-энеси эмес мектеп директору күнөөлүбү. Эмнеге ата-энеси жоопкерчилике тартылбайт.1-күнөөлү ата-энеси болушу керек.
+31
netsa
2017-12-28 19:59:10
Dalil,туура айтасын! Эмнеге директор,мугалимдер жазаланышы керек да ата-эне жазасыз калат? Ал кыз деген мектепте жатып боозуп калган эмес да.Сабактан кийин ата-эне козомолдошу керек!
+18
Nanei
2017-12-28 20:11:21
netsa,ата энеси барбы??? Таенеси карап жатат деген маалымат кетип жатат эле башында
+3
Jazdyn_tany
2017-12-29 00:29:29
Nanei,ымыркайдын таенеси, төрөгөн кыздын энеси
+3
TomMar
2017-12-28 22:55:21
Dalil,туура. Кошулам.
0
adi_ko.kg
2017-12-28 20:18:38
Шумдук кабарго
+3
FlFA-UEFA
2017-12-28 20:23:01
Мынассага демократиялык жашоо, мынассага тарбия).
0
TomMar
2017-12-28 22:58:17
FlFA-UEFA,туура. Демократия бул элди карызга батыруу системасы.короче силерге каалаганча эркиндик - бизге силердин акчаңар.
0
aikokul14
2017-12-28 23:54:04
FlFA-UEFA,койгула,анчалык сынабагыла,бирөөгө акыл үйрөтүүнүн эч кереги жок,чынында бала тарбиялоо өтө оор иш.
+1
aikokul14
2017-12-28 23:57:43
FlFA-UEFA,Балам эң мыкты болуп чоңойот деп эч ким кепилдик бере албайт,албетте жакшы бол деп тарбия беребиз баарыбыз эле.
+3
aman0296
2017-12-28 21:09:27
Ата энеси болсо, ата эне укугунан ажыратыш керек.
0
samsungc3
2017-12-28 21:40:39
Апасы жана өгөй атасы менен жашайт деп жүрөткө бир сайтта. Апасы кызынын боюнда бар экенин билип, мектепке жибербей,үйдөн окутуп аткан экен(((
+2
Dembele84
2017-12-28 22:54:38
Кармадык деп каяктагы куноосуз баланы уруп мойнуна илдирбей,Шектуулорду ДНК менен таап алса болот
+2
aikokul14
2017-12-28 23:16:47
Кудай кыздарыбызга ыйман,ынсап берсин.Мугалимдерди күнөөлөө албетте туура эмес,ал эми ата-энеге келсек,Кудай башыбызга салбасын,ким эле жаман тарбия берсин,адамдын өзүнөн болот,дээринде жок болсо мээсин ачып куюп,чынчырлап байлап койсоң да оңолбойт.Ушундай үй-бүлөөлөр бар ата-энеси ичкич,балдары жакшы адам болуп чыккан,айылдын үлгүсү болуп жүргөн аялдардын кыздары начар чыкканы бар,ар кимдин өзүнө ынсап берсин.
+2
JaneEr
2017-12-28 23:35:02
Бут мигранттардын кыздары ата-энеси чет олкодо болуп тууп коюп атышат,анан директор куноолуубу баарына.Тобоо.Директор ар биринин кызына охранник болушу калды эле эми.
-1
Birimdik5555
2017-12-29 00:37:02
JaneEr, Кудай сактасын,мигранттар жыргаганынан журушобу?






0
admin_superstan
2017-12-29 10:39:58
Syn4y, бирөөнүн дарегине карата далилсиз маалыматты камтыган билдирүү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
Ayida
2017-12-30 08:10:20
Депутат айым жана Азиза Абдрасулова коргобойбу ушуларды?Аалымдарга асылбай
0
Ayida
2017-12-30 08:10:40
Мындайда дымы чыкпай калышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан