Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жыл майрамын тосууда жарандарга пиротехникалык каражаттарды колдонуудан алыс болууга чакырат. Эгер аны колдонууну чечкен болсоңуз коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.
Министрлик пиротехникалык каражаттарды тандоодон тартып, колдонууда да абайлоо керектигин, этиятсыз мамиледен жагымсыз кырдаалдар жаралуусу мүмкүндүгүн эскертет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык каражаттарды колдонууда төмөнкүлөргө көңүл бурууну сунуштайт;
Колдон жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз;
Ошондой эле пиротехникалык буюмдарды сатып алып жатып, кунт коюп караңыз сертификатынын, жарактуулук мөөнөтүн текшериңиз;
Нускамасындагы эреже менен жакшылап таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуздук аймактарына өзгөчө көңүл буруңуз;
Фейерверк үчүн орунду жакшылап тандаңыз. Ал үчүн ыңгайлуу жерлер ачык аянттар. Сиз тандаган аянттын 100 метр тегерегинде өрт коркунучу жаралуусу мүмкүн болгон объектилер болбоосу зарыл;
Эгерде сиздин короо-жайыңыз тар болсо, анда сиз өтө бийик атылбаганын сатып алыңыз;
Пиротехникалык каражаттарды үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат, себеби алар терезеден учуп кирип же тамдын үстүнө түшүп, өрт коркунучун жаратуусу мүмкүн;
Ошондой эле салюттарды асманга аткан соң 2 мүнөткө чейин анын тушуна жакындабаңыз.
Пиротехникалык каражаттарын өз алдынча ачып аны өзгөртпөңүз;
Аны жабык жайларда, батирдин, кеңсенин ичинде колдонбоңуз;
Балдарга өз алдыларынча пиротехникалык буюмдарды колдонууга уруксат бербеңиз;
Суу болуп калган пиротехникалык буюмдарды жылыткыч приборлорго коюп кургатпаңыз;
Эгерде күйгүзүлгөн пиротехникалык каражаттар жарылбай калса аны ачууга, үңүлүп кароого, кулакка тыңшаганга болбойт. Анткени ал дал ошол учурда жарылып кетиши ыктымал.