Казакстан интернетке анонимдүү түрдө пикир калтырууга тыюу салды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев интернет тармактарына анонимдүү пикир калтырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындан кийин Казакстандагы сайттардын ээлери комментарий калтыргысы келген интернет колдонуучулар менен келишим түзүүгө милдеттендирилген. Алар колдонуучулар менен электрондук өкмөттүн порталы же SMS аркылуу идентификациядан өтүү боюнча келишим түзүүлөрү керек.

"Ансыз интернет колдонуучулар маалымат агенттиктердеги кабарларга, социалдык тармактарга аты-жөнүн жашырып пикирлерин калтыра алышпайт.

Ал эми Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаевдин айтуусунда, мындай өзгөртүүлөр социалдык тармак аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр көбөйүп кеткенине байланыштуу кабыл алынган.

Анткен менен мындай норма башка ат менен комментарий калтырууга тыюу салбайт, бирок портал каймана аттын артында ким отурганын так биле алат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
FlFA-UEFA
2017-12-29 00:34:51
Биздеда ушинтиш керек.
+3
Djal1987
2017-12-29 02:59:41
FlFA-UEFA,дуйно жузу боюнча ошондой кылыш керек!ар ким созуно жооп бериш керек
+4
aydinnur
2017-12-29 10:09:18
Бизде да ушундай мыйзам кабыл алынышы керек!!! Супер.кжинин жарымы жазаланат го)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан