СССРдин Эл артисти, белгилүү композитор Владимир Шаинскийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты АКШдагы майрам күндөрүнө байланыштуу токтоп турганы маалым болду. Бул тууралуу анын жубайы Светлана Шаинская орус басылмаларына билдирди.
"Акыркы сапарга узатуу зыйнаты биз акыркы 10 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында орун алат. Бирок ал үчүн алгач сертификат жана кагаз түрүндөгү макулдук алышыбыз керек. Азыр майрамдарга байланыштуу көп мамлекеттик ишканалар иштебейт. Андыктан зыйнат каникулдан соң болжол менен 10-январдан кийин өткөрүлөт", - деген ал.
Белгилей кетсек, "Чебурашка жана крокодил Гена" жөнүндө мультфильмдеги жана башка бир топ белгилүү ырларды жаратканы менен, таанымал композитордун дүйнө салганын 26-декабрда орус басылмалары жазып чыгышкан.