Тажикстанда ата-энесин кароосуз калтырып же карылар үйүнө тапшыргандар 3 жылга чейин эркиндигинен ажырайт. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, буга чейин аталган өлкөдө ата-энесин кароосуз калтыргандар 120 сааттан 180 саатка чейин жаза иретинде ар түрдүү кара жумуштарды аткарышчу. Андан баш тарткандар 2 жылга чейин камакка алынып келген.
Тажикстандын эл өкүлдөрүнүн айтымында, Баш мыйзамдагы ата-энесин кароосуз калтыргандардын жазасын оорлотуу эң туура чечим.
"Ата-эне баарыбыз үчүн ыйык. Алар ар дайым коопсуздукта, камкордукта болушу шарт. Мындай чечим кабыл алынганы абдан туура болду. Бул жаза көптөрдү туура эмес жолго баруудан токтотот деп ишенебиз", - дешет алар.