28-декабрда Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу полигонун жабууга жана жаңысын куруу үчүн ишти аткаруучу компания тарабынан 6 техника алынып келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, техникалардын биринчи партиясында 1 бульдозер, 2 экскаватор, 3 думпер алынып келди. Ал эми экинчи партиясы 2018-жылы алынып келет.
Ишти аткаруу үчүн Европа биримдиги тарабынан 8 миллион евро грант, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро насыя жана 3 миллион грант түрүндө бөлүнгөн.
Түзүлгөн келишимдин негизинде иш техникалык жана экологиялык талаптарды сактоо менен эки жыл аралыгында аткарылып бүтүшү керек.