2018-жылы календарда кайсы күндөр эс алуу күндөрү болот?

Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конституциянын 113-беренесине (жумуш эмес майрам күндөрү) ылайык Кыргыз өлкөсүндө дем алыш күндөрү деп:

1-январь - Жаңы жыл;

7-январь - Рождество күнү; (Иса пайгамбардын туулган күнү)

23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү;

8-март - Аялдардын эл аралык майрамы;

21-март - Нооруз майрамы;

7-апрель - Элдик Апрель революциясынын күнү;

1-май - Эмгекчилердин эл аралык күнү;

5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнү;

9-май - Жеңиш күнү;

31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;

Мындан сырткары 2017-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленген. Тийиштүү жарлыкка мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Ай календары боюнча белгиленүүчү Орозо айт болжолдуу түрдө июнь айынын 13-17-күндөрүнүн бирине, Курман айт болжолдуу түрдө 20-24-август күндөрүнүн бирине туш келип, дем алыш күндөрү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Baha-kyrgyz
2017-12-30 17:39:21
7-апрель майрам куну болбоду беле бул жакта жок экен
+7
Azatbek83
2017-12-30 18:30:58
Baha-kyrgyz,7-Апрель ал азыркы бийликке майрам кун!!Атамбаевге лично!
+3
Birimdik5555
2017-12-31 02:28:13
Baha-kyrgyz,турат го
0
Shekeev969798
2017-12-30 17:43:44
Мен ойлогондон аз экен майрамдарды дагы кошкула
-8
Kattaldym
2017-12-30 18:17:52
113-
0
Azatbek83
2017-12-30 18:29:24
Атамбаеадин кеткен куну Сооронбайдын келген куну же булда эртереек кетип эле калса экен деп да майрам кылып алгыла!!!!!
+5
trabzon11
2017-12-30 19:36:36
7-январьдын эмне кереги бар муну христиандар белгилейт.Анын оордуна орозо айт курман айт майрамдарын кошпойбу
+3
Medinaa
2017-12-30 21:03:10
trabzon11,ошону айтыңыз.Биз мусулмандар
эмнеге Мухамед (С.А.В) туулган күнүн
мамлекеттик деңгээлде майрамдабайбыз?
0
Dalil
2017-12-31 10:01:30
Medinaa, майрамдоодон мурда дин жөнүндө түшүнүк алып дин жолунда жүргөндү үйрөнөлү туугандар.
+3
Azatbek83
2018-03-26 16:55:31
Medinaa,Иса пайгамбардын туулган күнү атыңа затың жараша болсун!
0
jaskaaa
2017-12-31 09:40:34
trabzon11,Башка динди да сыйлоо керек. Же шариатта башкаларга күн көргөзбөгүлө деген жери барбы.
+3
Azatbek83
2018-03-26 16:56:31
jaskaaa,башка сашкасы жок эле? Иса пайгамбар болгон!
0
Azatbek83
2018-03-26 16:55:54
trabzon11,Иса пайгамбардын туулган күнү!
0
Aitun
2017-12-30 21:15:56
7-январды башына тартабы
-4
-Sumitra-
2017-12-31 00:16:15
Бизге 24-март керек эле.Биз учун ошол кун майрам.Бакиевдин келгени.
0
Azatbek83
2018-03-26 16:57:31
атамбаевдин кеткен күнүн да чоң майрам кылып календарга калтырыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан