Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда жол тайгак болгондуктан машиналарга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Бүгүн саат 14:00дө Ала-Бел ашуусунда жол тайгак болуп, унаа тыгыны болгондугуна байланыштуу "Арал" постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, 27-декабрда калың жааган кардан улам Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал", Талас облусунун "Өтмөк" ашуусундагы посттор жабылып, Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилген. Мындан улам посттордо кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 600дөн, жеңил унаалардын саны 400дөн ашкан эле.
Бүгүн таңга маал саат 04:30да унаа тыгындарын жоюу, жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилип, кайра ачылган эле.