Сапар Исаков "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын жаңы имаратын пайдаланууга берилишин тездетүүнү тапшырды

Кечээ, 29-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү жайынын тесттик режимде тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму ишке киргизилген. Өкмөт башчы аталган тутумду өлкөнүн бардык көзөмөл-өткөрүү жайларына киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Сапар Исаков курулушу Кытай мамлекети тарабынан гранттык көмөк көрсөтүү алкагында жүргүзүлүп жаткан "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын жаңы имаратын көрүп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан