Өкмөт башчы Нарын облустук ооруканасынын имаратынын курулушун жыйынтыктоону тапшырды

Кечээ, 29-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустук бириккен оорукананын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы оорукананын медициналык кызматкерлери жана бейтаптар менен маектешти.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Нарын облустук ооруканасынын медициналык кызматкерлери үчүн аталган аппаратты пайдалануу боюнча атайын окуу курстары өткөрүлгөн.

Премьер-министр акырындык менен республиканын облустук жана райондук ооруканалары гемодиализ үчүн заманбап аппараттар менен камсыздалууга тийиш деп баса белгиледи.

Сапар Исаков курулушу каржылоонун жоктугунан токтоп турган Нарын облустук ооруканасынын салынып бүтө элек эки кабаттуу имаратын көрүп чыкты.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте аталган объекттин курулушун бүткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан