Жогорку Кеңеште “ЕАЭБдин Бажы Кодексине” президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоору каралууда

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “ЕАЭБдин Бажы Кодексине” президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

“2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата президенттин каршы пикирин жиберген.

Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Бирок президенттин каршы пикирине ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тарта күчүнө кириши керек.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет. "ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Мисалы, буга чейин чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, Бажы кодекси ратификациялангандан кийин ал 4 саатка чейин кыскартылмакчы", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан