КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров Төө-Ашуу ашуусунда жол тазаланбаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Кечээ телеберүүлөрдөн Төө-Ашуу ашуусунда тыгындар боюнча жол тазаланып, тамак берилип жатат деген маалыматтар чыккан. Бүгүн мага саат 4:00дө, 7:55те телефон чалуулар болду. Бүгүнкү күнгө чейин тыгын болуп жатыптыр. Кар жабылып турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине протоколдук тапшырма бериш керек", - деди Зулпукаров.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бул боюнча өкмөт мүчөлөрүнө протоколдук тапшырма берип, Жаңы жылдын алдында жолду тазалоо керектигин айтты.