Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум 4-январга жылдырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум 4-январга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына Исаевдин кызы Бермет Исаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн соттук отурумга жактоочу келген эмес. "Бүгүн мамлекеттик кызматкерлер үчүн иш күнү. Ал эми жактоочуларга эс алуу күн. Ошондуктан жактоочу сотко келген жок", - дейт Бермет Исаева.

Ал билдиргендей, Канат Исаев мамлекеттик жактоочудан баш тартып, сот башка күнгө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан