Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын төрагасын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кечээ, 29-декабрда кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков менен Эркинбек Мамыров адам укуктарын жана эркиндигин коргоодо, укуктук мамлекет орнотууда Конституциялык палатанын ролу жана ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашты.

Мыйзам талабына ылайык, Конституциялык палатанын курамы 11 соттон турууга тийиш, бүгүнкү күндө 10 сот иш алып барууда. “Палатанын иши толук кандуу жүрүшү үчүн анын курамын толук тандоо зарыл. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо маселесин сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамына багыттоо мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Конституциялык көзөмөл жүргүзүп, саясий туруктуулукту камсыз кылуучу орган катары палатанын жогорку ролун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан