Сапар Исаков ЖАМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Нарында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, ачкычтарды өкмөт башчы Сапар Исаков тапшырды.

"Батирге ээ болгондор №4-СИЗОнун жана жазаларды аткаруу инспекциясынын аймактык кызматкерлери. Турак үй жаңы салынып бүттү. Өкмөт башчы кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жылы менен жана жаңы батирлүү болушу менен куттуктады", - деп билдиришти кызматтан.

24 батирлүү турак үй Орусиянын финансылык колдоосу менен тургузулган. Аны куруу иштери ушул жылдын апрель айында башталып, 22-декабрда соңуна чыккан. Куруучуларга ЖАМКнын төрагасы Таалайбек Жапаров ыраазычылыгын билдирип сертификаттарды тапшырганын кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Karban86
2017-12-30 16:25:53
Кут болсун конушунар, жаны жылга жакшы белек болуптур.
0
Azatbek83
2017-12-30 18:45:19
Мага да берсенерго менда суйунуп калармын
0
Azatbek83
2017-12-30 18:47:36
Озу Мигранттарга уй бериш керек канча деген мллиярд бюджете кошушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан