
29-декабрда Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын мамлекеттик чек аранын тартибин бузуп өткөндүктөрү үчүн кармалышты. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
"Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкан "Шарттуу" участогунан нөөмөттөгү кызматкерлер өткөрүү пункту аркылуу эмес, башка тараптан унаа менен кесип өтүп бара жаткан Орусиянын жаранын кармашты.
Ал эми Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Калпак аймагынан ээси жок оттоп жүргөн 12 жылкыны чыгарышкан. Ушул эле күнү кызматкерлер Ала-Бука районунан Кыргыз өлкөсүнүн 2 жаранын кармашкан. Алар чек араны кесип өтүп 500 баш малын жайып жүргөндө кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Административдик жоопкерчилик боюнча 389-беренеге ылайык, өлкөнүн жарандары тийиштүү айыптарды төлөштү. Ал эми Орусиянын жараны УКМКнын аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.