Президент Сооронбай Жээнбеков "ЕАЭБдин Бажы кодексине" кол койду

Бүгүн, 30-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында киргизген.

Буга чейин Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңеш 1-январда күчүнө кирүү боюнча өзгөртүү киргизди.

Парламент жыйынында депутаттар мындай орой кемчиликтерди кетирген өкмөттүн кызмат жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан