Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Жаңы жыл алдында премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.
Жолугушууда өлкө башчысы аларды Жаңы жылы менен куттуктап, бардык бийлик бутактарына жакшылыктарды жана мамлекетти өнүктүрүп, кыргыз элинин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө "Өткөн жыл татаал болсо да, жалпысынан жакшы болду. 2017-жыл өлкөнүн бардык жашоо тармагында кыйла өсүш жана олуттуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталууда. 2018-жылга карата алдыда чоң милдеттер турат, биргелешкен аракеттер менен өлкөнү өнүктүрөбүз, туруктуулукту бекемдейбиз жана Кыргыздын социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз", - деп белгиледи президент.