Сегиз айдан бери дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн жаран табылды

Дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну Жаныбеков Намас Абдикеримович табылды.

Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Сокулук РИИБинин издөө бөлүмүнөн билдиришти.

"Дайынсыз издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Токмок шаарында жумушта иштеп жүргөн жеринен табылды. Жоголгон жаран тууралуу маалыматты чогуу иштешкен адамдары интернет аркылуу издөөдө жүргөндүгүн көрүп Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымдашкан. Ал жаран жакын туугандарына өзү, иштеген иши тууралуу айткан эмес. Жаныбековдун жоголгондугу тууралуу маалыматты анын жакын тууганынын кызы кабарлаган", - деп билдирет Сокулук РИИБинин издөө бөлүмүнүн кызматкери.

Эске салсак, 2017-жылдын 13-декабрында Чүй облусунун Сокулук районунун 57 жаштагы Жаныбеков Намас аттуу жаран ушул жылдын 20-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат SUPER.KG порталына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
haydarkan
2017-12-30 23:47:19
Жакшы табылып калыптыр. Уй-булооно чоон белек болуп барат экенсин эми жаны жылга)
+4
-Sumitra-
2017-12-31 00:01:35
Ай байкуш жакшы болгон тура.Аялына таарынып чыгып кеткен окшойт го.
+5
RusMos76
2017-12-31 00:57:40
-Sumitra-,Катуу таарыныптыр бечара, кызына эле керек Ата.
+1
ludimira
2017-12-31 00:22:39
Сегиз ай ,таза эркек экен го
+4
Karban86
2017-12-31 02:51:57
Ой жокко бул адамда
+3
Nevestkaa
2017-12-31 09:44:53
Сокулук мн Токмок жакын эле болсо керек кантип эле эч бир таанышы үөрбөдү экен,от души издештирген эмес го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан