Кадамжайда кызды уурдап, 31 миң доллар талап кылган жарандар кармалды

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүү делген үч жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө өзбек улутундагы жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 23 жаштагы небересин белгисиз адамдар уурдап телефон аркылуу чалып 31 миң доллар суммасындагы акча талап кылгандыгы тууралуу билдирген. Ыкчам иликтөөнүн негизинде уурдалган кыз кылмышкерлердин телефон чалуусуна алданып эшиктин алдына чыккан. Ошол учурда белгисиз адамдар кызга күч колдонуп унаага салып изин жашырып кеткен. Уурдалган кыз кийинчерээк Кадамжайда барымтада болгону белгилүү болгон. Кылмыштуу топ жолугушууну Кадамжай районунун мамлекеттик чек арага жакын жерине белгилешип жолугушууда кызды туугандарына кайтарып берип акчаны алууга аракет кылышкан.

"Кылмышка шектүүлөр Hyundai үлгүсүндөгү унаа менен келишкен. Ошол учурда ИИМдин кызматкерлери ишти токтотуу үчүн кылмыштуу топту колго түшүрүүгө аракет көрүшкөн. Жыйынтыгында талап кылынган акча берилбей үч шектүү кармалган. Ал эми уурдалган кыз анча алыс эмес жерде Дэу Нексия үлгүдөгү унаада кармоодо турган жеринен табылды", - деп жазылат маалыматта.

Бул факт Кадамжай РИИБинде катталып, милиция кызматкерлеринин иликтөөсүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 2-пункту (адам уурдоо) жана 125-берененин 2-пункту (кулчулукта кармоо, бирөөнүн эмгегин мажбурлап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталган маалыматка ылайык, шектүү жарандар Баткен облусунун Кадамжай районунун 1989-жылы туулган Д.М. жана 1996-жылы туулган Х.А., 1998-жылкы Ш.Э. аттуу тургундары экени белгилүү болду.

Учурда бул кылмышка тиешелүү иликтөө иштер уланып сурак жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nurmat92
2017-12-31 00:51:57
Короче балеени башына үйүшүптүр да
+6
RusMos76
2017-12-31 01:10:36
Жашабай жатып кылганын булардын!
+4
Karban86
2017-12-31 02:49:59
Кинону азыраак корсонор
+4
Kojo1995
2017-12-31 04:41:36
Бетин ачып эле койсоңор
+1
19981998jalgyz
2017-12-31 05:09:26
1998жылы туулуптур ата енесинин еле шору мени менен тен екен 1998 мен адам уурдамак турсун уйдон жумуртканы сурап жеймго жейберейинби деп
0
aizira
2017-12-31 08:40:38
19981998jalgyz,
молодец сен жашсын али. качан оз алдынча акча тапмайынча сурап жейсин конечно.
-1
Dembele84
2017-12-31 08:50:47
Жаны жылга 31мин долларды алып бир майрамдайлы деген экен да.
0
Nurkyz1977
2017-12-31 11:07:57
Оо Жараткан баардык балдарга ыйман, ынсап,ынтымак бактылуулук бере кор. Ата энени жер каратып мункуротпой эл каратып жузун жарык кылып балдардын дем кучу менен жашарып бакубат доолоттуу карылык насип эте кор! Жалпы кыргыз элимде жакшылык ийгиликтер болуп балдарыбыздын бактылуу жашоосуна кубо болуп бала бакытына балкып жашаган ата энелерден бололу! Боодо кырсык,боодо кайгыдан,куру жалаа куру дооматтан сактасын Жаратканым.
+1
Gulnyr19
2017-12-31 15:11:22
Туугандар окшойтко
0
AKCAHAT
2017-12-31 17:59:16
Бечаралар ото эле боевик триллер кинолорду коп корушуп койгон го
0
pero123
2018-01-01 13:40:36
бетин ачсаңар.эртен дагын башка кыздар алданып жүрбөсүн дагын.эл таанысын да!!!
0
pero123
2018-01-01 13:41:32
кыздын туугандары барсыюарбы.кылмышкерлердин сүрөттөрүн аты жөнүн толук жазып интернетке сайттарга жарыялап салгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан