Премьер-министр Сапар Исаков кышкы туристтик сезондун башталышын жарыялады. Бул тууралуу кечээ, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда Исаков "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында 2017-2018-жылдардагы кышкы туристтик маалдын башталышын жарыялаган.
Премьер-министр кышкы туризм жайкы туризмдей эле мамлекетибиздин экономикасын көтөрө турчу тармактардын бири экендигин белгиледи.
"Быйылкы кышкы туризм мыкты болот деп ишенем. Көптөр үй-бүлөсү жана достору менен келишти. Жакындарыңыздар менен өткөргөн бул мезгилдердин бактылуу болушун каалайм. Ошондой эле эс алуучулар үчүн колдон келишинче мыкты шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз", - деди өкмөт башчы.