Өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" түзүлдү

Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү, анын ичинде "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда, экологиялык абалды жакшыртуу менен алектенген "Жаратылышты өнүктүрүү фондун" түзүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фонддун негиздөөчүсү өкмөт болуп саналат. Фонддун ишмердүүлүгүн күчтөндүрүүгө өкмөт, "Centerra Gold" компаниясы жана "Кумтор Голд" жабык акционердик коому ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо, инвестицияларды өнүктүрүү боюнча 2017-жылдын 11-сентябрындагы стратегиялык келишимди ишке ашырууга багытталган.

Фонддун акчалай жана башка формадагы мүлкүн уюштуруу булактары катары: Стратегиялык келишимге ылайык, "Кумтор Голд" жабык акционердик коомунун 50 миллион доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмү жана 2017-жылдан тарта ар жыл сайын жана "Кумтөр" кенин пайдалануу соңуна дейре 2 миллион 7 миң доллар өлчөмүндөгү төлөмү эсептелет.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда өкмөт жана "Centerra Gold" компаниясы ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан