Өкмөт үйүндө президенттик шайлоону өткөрүүгө активдүү катышкан жарандар сыйланды. Бул тууралуу кечээ, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев Кыргыз Республикасы 2015-жылы биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгилеп кетти.
"Биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатканда жарандар арасында көптөгөн нааразычылыктар болгон. Көбү жаңы технологиялар менен шайлоону өткөрө аларыбызга ишенген эмес. Бирок ага карабай биз шайлоону биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөрө алдык. Жалгыз эле КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн байкоочулары дагы жакшы баасын берген. Андан кийин 2017-жылы биз президенттик шайлоону ошол эле биометрикалык маалыматты колдонуу схемасы менен өткөрдүк. Шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган", - деди Нурханбек Момуналиев.
Аппарат жетекчи шайлоо эркин жана ачык өткөнүн, ошондой эле анын жыйынтыктарын өлкөнүн жарандары, дүйнөлүк коомчулук тааныганын өзгөчө белгилеп кетти.
"Көптөгөн өлкөлөр шайлоо өткөрүү боюнча Кыргыз мамлекетинин тажрыйбасын үйрөнүүнү каалап жатканын билдиришкен. Кыргыз өлкөсүндө эркин миссия жүргүзүп жаткан эл аралык байкоочулар биздин шайлоо системди окуп чыгып, өздөрүнө колдонууга даяр экенин билдиришкен. Биз үчүн бул чоң сыймык", - деди ал.
Анын айтымында, алдыда өлкөнүн социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү чоң маселелер турат. “Бул өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны, "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу турат. Ал өзүнө коррупцияны жок кылып, кошумча жумуш орундарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Момуналиев.