Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана мекеме бөлүктөрү майрам жана дем алыш күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгы, облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктарынын башчылары, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору, “Бишкек шаарынын куткаруу кызматы” күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Жарандар кырсыкка кабылганда же күбө болсо күнү-түнү “112” бирдиктүү мамлекеттин нөөмөт-диспетчердик кызматына байланышса болот, чалуулар акысыз.