Президент Сооронбай Жээнбеков: "Кыргыз мамлекетибиздин келечеги кең, биз үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок"

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө элин Жаңы жылы менен куттуктады. Президенттин куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калайык журтум!

Саналуу мүнөттөрдөн соң биз жаңы жылдын босогосун аттайбыз. Бардык мекендештеримди жаңы 2018-жылы менен куттуктайм. Эски жылды узатып жатып өткөнгө кылчая карайбыз. Аткарылган иштин жыйынтыгын чыгарабыз. Эртеңки күндүн максаттарын белгилейбиз. Жаңы үмүттөр, жаркын келечекке кадам таштайбыз. Узап бараткан 2017-жыл тарыхый жыл болду. Бул жылы биз экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырдык. Эл аралык аренада өлкөбүздүн аброю жогорулады. Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаңы президенти шайланды. Кыргыз мамлекети дүйнөгө демократиялык мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди.

Азыр Кыргыз мамлекети өнүгүүнүн эң маанилүү мезгилине келди. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат. Өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз. Биз “Таза Коомду” курууга бет алдык. Эң башкысы коррупция менен чечкиндүү күрөштү улантабыз. Өлкөнүн, коомдун тазалыгы эң оболу ар бирибиздин жүрөгүбүздүн, ниетибиздин тазалыгынан башталат. Улуттук дөөлөттөрдү бийик туткан, руху күчтүү коомду ар бирибиз жүрөгүбүз менен, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо-шарты ыңгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз. Биз, баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдеп, улуттар аралык биримдикти чыңдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз. Эл аралык байланыштар жаңы баскычка көтөрүлөт. Коңшуларыбыз менен болгон салттуу достугубуз чыңдалат. Мен элибиздин акылмандыгына, жаратман күчүнө ишенем. Кыргыз мамлекетибиздин келечеги кең, биз үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок".

Президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы жылдык куттуктоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
bakulya2015
2018-01-01 00:40:20
Урматтуу мекендештерим сиздердинда Жаны-Жылыныздар менен! Ушул жыл тынчтык молчулук,токчулук жылдардын бири болсун. Элибизде ынтымак болуп ар бир уйдо ыйман ынсап бакыт болсун. Аллага шугур ушул кундорду нсаип кылган ар бир кунубузго чексиз шугур.
+1
Azatbek83
2018-01-01 02:15:05
Дубалга илип алып окуп жатабы?!Корупцияны КСДПдан баштаса болмок!Жуктун ээси арабызда журот ошол жазага тартылса бир аз сага ишеним артырат элек!
+7
Jelezo
2018-01-01 09:27:56
Жаңы жылыңыз менен урматтуу президент корупция менен күрөшүш үчүн чоң эрк керек сизде ал барбы билбейм чоң мафияларга тийише албасаңыз да Пирматов менен Музафар Исаков дун кылмыш ишин көзөмөлгө алып койсоңуз эгерде ошого эркиңиз жетсе Атамбаевге аралашбай эле коюңуз ал киши эки президентти кубалаган сизди жөн эле чык эшикке деп койбосун
-3
Aydarov.0607
2018-01-01 10:07:48
Биздин президент эн супер жаны жылыныздар менен Кыргызстандыктар.
-7
modem4999
2018-01-01 11:10:43
Жаны жылынар менен менин суйуктуу кыргыз элим!!!
+8
Taalaibek.
2018-01-01 11:51:04
Шайлоонун астында Талас облусунун Бакай-Ата айылына келип, Сооронбай Жээенбеков айтты эле: Мен президент болуп калсам биринчилерден болуп ушул Бакай-Ата айылына келип Президентигимди белгилеп кетем деп. Жана дагы Бакай-Ата айылындагы парктын ичине балдарга карусель куруп берем деп убадасын берип кетти эле. Эми ал айткан убадасын биз эл чыдамсыздык менен кутуп жатабыз. Бар болунуз Сооронбай Жээнбекович. Убаданызга бек турунуз.
-10
ayka91
2018-01-01 19:28:09
Taalaibek.,))Таластыктарга жолобой калды го.
+1
Kojo1995
2018-01-01 20:05:24
Дорогие соотечснки деп айттыбы дагы
+1
muke.1971
2018-01-01 13:07:05
Жанырган жаны жыл менен сизди да куттуктайбыз урматтуу президент . Жаны жылыныздар менен урматтуу мекендештер.
-7
Aidani
2018-01-01 13:36:04
Мурда ушул кишини телевизордон коруп калсам, мага окшош жаагы узун киши экен деп, ата кылып алдым эле, кудайым буйруп президент болуп жалпы журттун атасы болду. Досторум сенин атан президент болду деп суйунчулоп чалышкан эле. Жаны жылыныз кут болсун ата.
-11
Too-tash
2018-01-01 15:29:26
Ачык-айкын, курч атаандаштыкка негизделген шайлоо болду деп калптын казанын кайнатканын эмнен?!! Бир миллион шайлоочунун укуктары тебеленип шайлоого катыштырылбаса, 350 мин шайлоочуну (мам.кызматкерлер, мугалим, врач, студенттер) коркутуу-уркутуу, опузалоо менен Жээнбековду шайлатсанар, калган шайлоочуларга 1000-2000 сом таратып добушун сатып алсанар, кайдагы таза шайлоо?!! Жеткен ыплас шайлоо отконун ар бир Кыргызстандык ырастап берет!!!
+15
Too-tash
2018-01-01 15:33:20
Экономикалык осушторун кагаз бетинде эле, чын-чынында олкодо осуу, онугуу деген нерсе жок!!!

Бир ууч ууру-каракчы бийликке топтолуп алып элдин канын соруп отурасынар!!! Толгон-токой алтын-кумуш казылган кен бар, Кумтор баш болуп, ошодордон силердин "чонтогунорго" тушкон акча да козунорго аз корунуудо...

Коррупционерлер оздору бийликте отурса, кайдагы коррупция менен курош?!! Турмодо С.Жапаровдой таза, эл учун куйгон эл уулу отурат, ууру-каракчылар болсо бийли
+17
Too-tash
2018-01-01 15:37:14
2017-жыл тарыхый жыл болгону чын... Кайсы мааниде?

1-ден жеткен ыплас шайлоо отуп Соке такка келди, таза шайлоо отсо Соке эки дуйнодо да президент эмес, депутатат да боло албайт!!!

2-Атамбаевдин алжыган кептеринин айынан эл жабыркады, буга чейин Оруссия, Туркиядагы мигранттар жабыркап келсе, эми Казахстандагы мигранттар, Казахстанды аралап отчу жургунчулор, шопурлар, Казахстан менен соода-сатык мамиле кылган жалпы карапайым эл жалыркады...
+10
Too-tash
2018-01-01 15:40:35
3-дон монгулорду талкалоого уруксат берген мыйзам кабыл алынды!!! Бул мыйзам Кыргызстандын келечегине балта чапкан чечим экенин биле турушуп, акчадан коздору кызарган бийлик бул акмакчылыкка барышты!!!

4- Ысык-Колдогу 4 пансионат Озбекистанга берилди, Орто-Токой суу сактагычы атына эле Кыргызстандыкы болгону менен Озбекистан кааланандай колдоно турган болду.

5-шашылыш турдо Озбекистан менен чек аралар такталып, канча жерибиз Озбекистанга отуп кеткени жаап-жашырылып келе
+16
madrid7000
2018-01-01 15:43:53
Куттуктоо созун да аша жаздырып бериптирби
-6
bosmos77777
2018-01-01 16:14:57
Мен жана бутундой Кыргыз Эли ! Бул инсанды Эл башчы катары тааныбайт!!! Элине кадыры жок! Бироонун акылы менен иштеген инсан Эл башкарып жарытпайт!!! Жаны жылда жаны инсан келсин!!!
+11
jbolotov
2018-01-02 01:47:59
Жээнбеков мырза кантип уялбай эле ачыкайкын курч президенттик шайлоодон утуп чыктым деп атасыз? Аллахтан уялып ушул теманы суйлобой эле койсонуз болмок. Демократияны дадилдедик дейт, кулкуну келтирип. Россияга барып орустун айтканынан чыкбайбыз дегендей суйлоп келдиниз, Масляков деген клоунга астына барып Манас орденин тапшырганчалык ал Квргыз учун эмне иш кылды эле?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан