Жылдын ыйы. Быйылкы жыл Кыргыз үчүн капилеттен тооруган кырсык менен башталып, жамы журтту кайгыга бөлөдү. “Манас” аэропортунун жанында Боинг учагы кулап 39 адамдын өмүрүн алып, бул окуя жыл бою талкууда болду. Аэропортко жакын аймакта туруктуу жашоого уруксат кандайча берилген? Мындан ары ал аймактын статусу, тургундарынын тагдыры кандай болот? Бул сыяктуу жоготуулар болбошу үчүн бийлик жеткиликтүү чара көрдүбү, жеткиликтүү сабак алдыбы? Ушул жана башка суроолор элге ачык айтылбай, атүгүл компенсация маселеси да көшөгө артындагы сөз бойдон калды...
Жылдын окуясы. Албетте, президенттик шайлоо. Талапкерлиги эң акыркылардын бири болуп жарыяланган Сооронбай Жээнбеков жеңүүчү болуп, эрте учкан "чабал өрдөктөрдү" басып өттү. Анын башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов жеңилүү ызасын тартып, ал эле эмес жылды депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кетүү чечими менен жыйынтыктады. Бабановду мындай чечимге келүүгө бир топ окуялар аргасыз кылды көрүнөт. Адегенде ага карата кылмыш иши козголду, ал өлкөдөн чыгып кетип, учурда кайта албай жүрөт. НТС телеканалынын тегерегиндеги ызы-чууну да Бабанов өзүнө каршы жасалган чабуулдардын бири катары баалап жатат. Абак жана бизнесинен айрылуу коркунучу аны саясаттан биротоло кетүүгө аргасыз кылды.
Жалпылап караганда, президенттери алмашпаган аймактагы Кыргыз өлкөсүндө революция бороондорунан кийин ушуну менен экинчи ирет бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди. КСДПнын өкүлү Сооронбай Жээнбековдун өлкө башына келиши менен бийлик бир партиянын колунда бекемделди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин айтып келгендей шайлоону өткөрүү менен бийликте калууга аракет кылбай, ардактуу эс алууда. Азырынча...
Жылдын чыры. Коңшу өлкө башчысынын ажолукка аттанган талапкерлердин бирине “ставка” коюусу эки мамлекеттин араздашып калуусуна алып келди. Анын кесепетинен чек ара эки айдай тыкыр текшерүүгө алынып, иш жүзүндө Кыргызды блокадада калтырды. Ошондой эле Кыргыз мамлекети Бажы союзуна кирер алдында айтылган сындар чын экендиги билинди. Анын биринде биримдиктин экономикалык максатты көздөбөстүгү, ал саясий союз экени айтылган эле. Минтип союздун кайсы бир мүчөсү экинчисине кыр көрсөтүп калса, анда ЕАЭСтин түзүлгөндөгү башкы артыкчылыгы заматта башкы кемчилигине айланары көрүндү...
Жылдын соту. Быйылкы жылдын ичинде эң чуулуу соттук процесстер Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровго байланыштуу болду. Экөө тең чет жерден Кыргыз өлкөсүнө кайтып келе жаткан жеринен кармалып, азыркы тапта аталган эки саясатчы жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөшүүдө. Текебаев да, Жапаров да мекенине кайтарда аларды азыркы тагдыр күтүп турарын болжошкондур, бирок алар айрым бийликтин оппоненттери сымал качып кутулбай, саясий карьерасындагы дагы бир баскычты басып өтүүнү тандап алышты...
Жылдын чуусу. “Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” дегендей мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун токол алгандыгы элди эки жээкке бөлдү. Кийинчерээк мыйзамдуу аялынын тиешелүү органдарга арыз менен кайрылуусу бул талкууну ого бетер күчөттү. Чубак Жалиловдун үй-бүлөсүнө байланыштуу чыр азырынча басты-басты болуп калганы менен, эки же андан көп аял алуу коомчулуктун талуу маселеси экенин көрсөттү. Жакынкы келечекте дээрлик көнүмүшкө айланып калган бул көрүнүштү же мыйзамдаштыруу, же аны жоюу максатында жазаны күчөтүү жагы колго алынбаса, анда мындай жаңжалдар ырбай бериши турган иш...
Жылдын жыйынтыгы. Бийликтин башкы бир эмес, үч бутагында башчылар алмашты. Бири Атамбаевди алмаштырган Жээнбеков болсо, экинчиси президенттикке шайланган адамдын ордуна өкмөт башчылыкка Сапар Исаков келди. Президенттик шайлоодо КСДП чийген чийинден чыкканы үчүн шайлоо жыйынтыкталары менен Чыныбай Турсунбеков парламент төрагалыгынан кетип, ордуна Таластан добуш алууга көмөк кылган Дастан Жумабеков келди. Андан тышкары, ушул жылдын 1-декабрынан тартып Баш мыйзамга киргизилген айрым өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Жогорку Кеңешке келсек, коомчулук тараптан да, саясий элита жактан да депутаттарга карата нааразычылык күч. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн маанилүү иштерде, өлкөнүн таламын талашчу маселелерде парламент барган сайын алсыз болуп бара жатат. Оппозициялык блокто калган фракциялардын биринин лидери абакта, биринин лидери бозгунда болуп күчүн жоготууда. Андыктан, келе жаткан 2018-жылы мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоонун өтүүсү чындыкка жакындоодо...