2018-жылга бюджети боюнча мыйзамга ылайык, кийинки жылдагы казынанын тартыштыгы 20 миллиард 267 миллион 1 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына кол коюлду.
2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 140 миллиард 882 миллион сом болсо, чыгаша 161 миллиард 149 миллион сомду түзөт.
2017-жылы бюджеттеги тартыштык 21 миллиард 444 миллион сомду түзгөн.