Бишкек-Ош унаа жолунда тыгындар жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө коюлган чектөө алынган. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Арал" постунда жеңил унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө.
Эске салсак, 27-декабрда калың жааган кардан улам Жайыл районундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал", Талас облусунун "Өтмөк" ашуусундагы посттор жабылып, кайра ачылып жаткан.