Депутат Аида Салянова жүрөк дартына байланыштуу ооруканага жата турганын бүгүн, 31-декабрда жакындары SUPER.KG'ге кабарлашты. Маалым болгондой, учурда эл өкүлү күнүнө ооруканага бир маал кайрылып, анализ тапшырууда.
"Салянова өзүнүн соттук ишинде жүрөгү ооруп жатканын айткан. Учурда ооруканага кайрылып жүрөк дарты боюнча анализ тапшырып, үй шартында дарыланып жатат. Тапшырган анализдери чыккан соң ооруканага жатат", - деп билдиришти жакындары.
29-декабрда Салянованын жүрөгү кармап, жактоочусу соттон отурумду узак убакытка дайындабоону өтүнгөн. "Аида Жеңишбековнада жүрөк оорусу пайда болду. Ал кечээ ооруп, бүгүн ооруканага кайрылган. Дарыгерлер анда жүрөк оорусу жаралганын, жүрөгүнүн 3 клапанында кемтик пайда болгонун айтты. Азыр дагы ал бейтапканада ден соолугуна байланыштуу жүрөт. Ага врачтар жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү деген диагноз коюшту. Ал буга чейин соттон отурумду 1 күн бою убакытка созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн", - деп дарыгерден алынган маалымкатты сотко көрсөткөн.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.