SUPER.KG порталы сиздерди Жаңы 2018-жылыңыздар менен куттуктайт!

Саналуу сааттардан кийин бир жыл бою биз менен чогуу болгон 2017-жыл коштошуп, 2018-жыл эшик кагып кирип келет. SUPER.KG порталы жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2018-Жаңы ит жылыңыздар менен кызуу куттуктайт!

Өтүп бара жаткан жыл жалпыбыз үчүн негизинен жаман жылдардан болгон жок. Эски жылда аткарылбай калган максаттар, каалоо, изги тилектер Жаңы жылда ишке ашып, Кыргыз мамлекетинде тынчтык, бейпилдик, элибизде ынтымак-ырашкерлик, өсүп-өнүгүү болсун. Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдү береке кут, жагымдуу жаңылыктар, ырыс-кешик жылоолосун. Түндүгүбүз бийик, түбөлүгүбүз бекем болуп, келечегибиздин өмүр гүлү соолубасын.

Кирип келе жаткан жыл элибизге ынтымак, кут, береке, өсүү, кары-картаңдарга кадырлуу карылык, ден соолук, жаштарыбызга талыкпаган эмгек, өнүгүү, күжүрмөн күч жана ынтымак алып келсин.

SUPER.KG порталы жалпыңыздарды төмөндөгү оригиналдуу видео аркылуу куттуктайт. Бөбөктөрүбүздүн тилектери орундалсын!

Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен!

SUPER.KG порталы сиздерди Жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайт!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Batma.Sh
2017-12-31 20:33:32
Рахмат,сиздердин да жаңы жылыңар кут болсун!Жеке жашооңуздарда да,ишиңиздерде да жалаң жакшылык жандап жүрсүн!
+1
mega777
2017-12-31 21:28:16
Рахмат,тен болсун!Сиздерге да чыгармачылык ийгиликтер!
+3
dastan_nookat
2017-12-31 22:18:01
Жаңы жылыңыздар менен!
+3
Artur555
2018-01-01 00:27:55
Алтындарым, кумушторум, кучукторум жаны жылыныздар менен айланайын алтындарым.
-1
mr.sher
2018-01-01 01:20:42
Рахмат чоон! Сиздерди жана порталдын жалпы пайдалануучуларын да кирип келген жаны 2018-жыл итжылы менен куттуктаймын!!! Баарыныздардын уй-булонуздорго кут береке, ишиниздерге ийгилик жана чын ден-соолук каалаймын!!!
+2
BekAmir
2018-01-01 02:30:45
Рахмат. Сиздердин дагы Жаны жылыныздар менен!!! Калеминиздер курч болсун,ар дайым чындык тарапта болунуздар!!!
+1
muke.1971
2018-01-01 13:09:24
Ишиниздерге ийгилик калеминер мокобосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан