Борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара башталды (фото)

7 дубандын борбору Бишкекте майрамдык иш-чара болуп жатат. "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарада ири экран аркылуу алгач мэр Албек Ибраевдин куттуктоосу көрсөтүлдү. Чогулган элдин маанайы көтөрүңкү. Элдин саны көп. Иш-чарага эстрада ырчылары катышып, элди Жаңы жыл майрамы менен куттукташууда.

Майрамдык иш-чара саат 22:00дөн 24:00гө чейин уланмакчы. Саат 23:57де өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков ири экран аркылуу жалпы кыргыз элин куттуктайт. Сааттын жебеси 12ни какканда Жаңы жылдык фейерверк аттырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KGstan1981
2017-12-31 21:31:09
Мен учун Жаны Жыл ар Жума сайын болот.
+4
almanbetperm
2017-12-31 21:38:49
KGstan1981,деп туруп майрамдап койо бересин
-3
Batma08
2017-12-31 22:30:18
Майрамдабагандар тоолтура
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-31 23:17:21
Негизи биз уйдоле отурабыз кундогудой эле кочодо дан дун болуп жатат. Тынчтык берсин кудай. Мусулман болуп туруп кудай тыйуу салган ишти кылганды кечирсин. Баарыбызга ыйман берсин.
+2
bakulya2015
2018-01-01 00:44:07
Чындыгында элимде жеримде тынчтык ынтымак онугуу болсо кундо майрам кудай кааласа жашап жатканыбыз майрам шугур Аллага.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан