Москванын 4 ири соода борборунда элдерди эвакуациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын басма сөз кызматтары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москванын 4 ири соода борборунда жарылуучу зат бар деген маалыматтан улам эвакуациялоо иштери башталган.
"Азыркы тапта "Гудзон", "Хорошо", "Мега" жана "Капитолий" соода борборлорунда жардыруу заттары бар деген маалымат түшкөнүнө байланыштуу эвакуациялоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп, маалымат текшерилип жатат.