Майрамдан кийин Оштун аянтын тазалоого 35 жумушчу тартылып, аларга активисттер кол кабыш кылышты

Жаңы жылдык кечеден кийин Ош шаарынын борбордук аянтын тазалоого 35 жумушчу тартылып, аларга активисттер, мекемелердин кызматкерлери да көмөктөштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

"Жаңы жыл кечесинен кийин Ош шаарынын борбордук аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Шаарды тазалоону "Ош-Тазалык" ишканасынын жумушчулары таң эрте саат 4:30да баштады. Борбордук аянтты тазалоого 35 жумушчу, 2 техника тартылды. Бүгүн дем алыш экендигине карабай ишкана жумушчулары штаттык режимде иштеп жатышат. Шаар көчөлөрү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы да тазаланууда. Бүгүн таштанды контейнерлерине топтолгон таштандылардын көлөмү күндөгүдөн 200-300 кубга көп. Толгон таштанды контейнерлери да таңдан тартып алына баштады. Ал эми борбордук аянтты таштандылардан арылтууда мекеме жумушчуларына Ош шаарындагы активдүү жаштар көмөктөшүп, кол кабыш кылышты", - деп билдирди мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Талантбек Канатбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Makkambaev97
2018-01-01 13:47:54
Малдан айырмасы жокко адамдардын
+3
Krai
2018-01-01 14:20:04
Канчалаган акчалар учту асманга
Ошол акчаны канча убакыт иштеп таптык эле
+4
Alixan-Nookat.2015
2018-01-01 14:33:47
Бул таштандынын жарымы жанагы шариктерди жарып ичинен белек берип ойноткон адамдардыкы акча таап жатат ошол оюн ойноткон жерин тазалатып кетириш керек акча таап пайдасына анан таштанды кылып кетип калганы эмнеси.
+1
KGstan1981
2018-01-01 16:41:52
Мына кордунуздорбу бул жаны жыл майрамынын кесепети.Эми мунусу орусча айтмакчы только цветочки.Эми бул жаны жыл куну канчалаган кылмыш болду канчалаган спиртик ичимдиктер ичилгенин биз билейбиз.Ал эми мына Курбан Айт майрамында спиртик ичимдик таакыр колдонулбайт.Колунда барлар колунда жокторго жардам беришет.
+2
mira28
2018-01-02 04:55:26
KGstan1981,койсонорчу корот айтат десе эле ысырапкорчулуктан баштайсынар.Ысырапкорчулук биздин каныбызга синип буткон .Курбан айтта да ысырап корчулук бар маркумдарг жолу айттык откорулуп эл келсе келбесе казан казан тама аш бышырылып дасторкон жайылат.Ал ысырапкорчулука кирбейби. Темага кайрылсам баягы эле маданиятсыз кайдигер кыргыз эли.Государство толоп берет деп туш Келди ыргыткан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан