Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык майрамда адашып калган 27 балага ата-энесин тапканга милиция көмөктөштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Ала-Тоо" аянтында майрамдык кече өтүп жаткан учурда өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор адашып калган 27 баланы табышкан. Инспекторлор өспүрүмдөрдүн баарынын ата-энелерин таап, балдарын өткөрүп берди. Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга карата шаардык милиция, 103, 101 кызматтары, Улуттук гвардия жана мэриянын муниципалдык кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барды. Бардык кызматтардын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында шаар тургундары жана коноктору жакшы маанайда Жаңы жылды тосушту", - деп билдирди басма сөз кызматы.