Жаңы жылдан тарта Түрмөнстанда кара түстөгү унааларга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь айынан тарта Түркмөнстанда кара түстөгү унааларды эксплуатациялоого тыюу салуу чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу кара түстөгү унааларды полиция кызматкерлери көчөдө токтоп турган жеринен эле камакка алышып, эвакуатор менен айып аянтчасына жеткиришүүдө.
Ошондой эле маалыматта кара түстөгү унааларга салынган тыюудан улам Түркмөнстанда унааларды башка түскө боёо эки эсе кымбаттаганы айтылат.
Андан сырткары аталган маалыматта 2015-жылдан тарта Түркмөнстанга кара түстөгү унааларды сырттан алып кирүүгө тыюу салынганын, аны себебин бажы кызматкерлери ак түс бакыт чакырат деп гана түшүндүрүшкөнү айтылат.