Америкада бетине 4 килограмм 500 грамм эт өсүп кеткен өспүрүмгө операция жасалат (нерви жукаларга сунушталбайт)

"Кубалык 14 жаштагы Эмануэль Зайастын өмүрү коркунучта турат. Анын мурдуна өсүп чыккан шишиктин салмагы бүгүнкү күндө 4 килограмм 500 граммды түзөт", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Анда белгиленгендей, Эмануэль азыркы тапта тамактануудан абдан кыйналат, өтө арыктап кеткен. Мындан тышкары шишик анын дем алуусуна, көрүүсүнө жолтоо болот. Салмагы оор болгондуктан өспүрүмдүн моюну аны көтөрө албай сынып кетиши мүмкүн.

Эмануэль тубаса сөөк оорусу менен жабыркагандыктан буту-колунун сөөктөрү ийилип кеткен. Өз алдынча баса албайт.

Ал 12 жашка толгондо мурдунун үстүндө жара сыяктуу нерсе пайда болгон. Ата-энеси уулу жетилүү куракта болгондуктан аны безетки деп ойлоп маани беришкен эмес. Бирок ал шишик өтө тездик менен өсүп, Кубадан аны алып сала турган дарыгер табылган эмес.

Өткөн айда гана АКШдан өспүрүмдүн шишигин ала турган хирург табылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, операция 8 сааттан 14 саатка чейин созулат. Шишик алынгандан кийин өспүрүмдүн тиштерин жана жаагын калыбына келтирүү үчүн дагы 2 операция жасалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
FlFA-UEFA
2018-01-02 02:54:22
Оозу козу корунбойтко).
-10
Aitun
2018-01-02 03:45:25
FlFA-UEFA,сага не кулкулуубу? Коп коментерини байкадым бардык жерде эле кулкулуу болбосо деле смайлик койо берет экенсин.)))) Бул белги смайли или улыбка же жылмаю. Бул жерде бир байкуштун аяныштуу тагдыры жазылып атат комекс эмес. Кичине карасан
+12
nurlan2017
2018-01-02 08:49:59
Aitun,туура аитасын!
0
trabzon11
2018-01-02 04:25:25
Операция жакшы отсун.
+2
madina.87
2018-01-02 07:14:33
Аллах озу сактасын мындайдан,эчкимдин ден соолугу жабыркабасын!!!
Айыгып кетсин!
+8
gumigumi1990
2018-01-02 09:03:06
Айланайын ушунча оскучо кутуп журо береби. Биз баландын бир жери кичине ооруса чый пыйын чыгып чуркап баштайбыз го.
0
aidai9594
2018-01-02 10:30:47
gumigumi1990,Айтып жатпайбы алып сала турган дарыгер табылган эмес, жара тездик мн осуп кеткен деп.
+5
JaneEr
2018-01-02 15:21:12
Астагфиралла!
0
sezim-312312
2018-01-03 12:24:26
Аллахым шыпаасыны берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан