Адистердин айтымында, энергетикалык суусундуктар организмге киргенде баш кеңгирей түшөт. Жүрөк мүнөтүнө норма боюнча 60-63 ирет соксо, энергетикалык суусундук ичкен соң 100гө чейин жетет, кандын басымы көтөрүлөт. Беттеги кан тамырлар кеңейгенинен бет да кызара баштайт. Каректер коюулана түшөт. Ичкен адамдын психикасында өзгөрүү болуп, адам активдүү боло баштайт, айткан сөзгө маани бербей калат. Мындай абалда өспүрүм эч нерсени түшүнбөйт, ишине, аракеттерине жооп бербей калат. Экинчи фазада суусундуктун таасири менен алсызданып, кийин кабыл алуусу төмөндөйт. Уйкусурап, депрессияга учурайт.