Бүгүн, 2-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2018-жылдын 1-январынан тарта Евразиялык экономикалык союздун Бажы кодекси күчүнө кирди. Тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеӊеш 27-декабрда ратификациялаган. Жооптуу чиновниктер, депутаттар Жаӊы жыл алдында документти үтүр-чекитине чейин карап чыгышпаганы көрүндү, анткени Бажы кодекси "президент кол койгондон 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деп бекитилген. Мыйзамды президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарып, парламент 30-декабрда кезексиз жыйында "Бажы кодекси президент кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет" деп өзгөртүү киргизип берди.
Мурунку депутат Садыр Жапаров СИЗОдо кескиленип, денеси канга чыланганда, Өмүрбек Текебаев күмөндүү жагдайда ачылган кылмыш ишинин алкагында аэропорттон кармалып УКМКнын абагына киргизилгенде, Кыргыз-Казак чек арасы жабылып жүздөгөн ишкерлер зыян тартып жатканда чукул жыйынга чогулбаган депутаттарды документтеги 1 ката кезексиз жыйынга чогултту. Документтеги 1 мүчүлүштүк үчүн депутаттардын чукул жыйынга чогулушу Кыргыз тарыхында биринчи жолу болду. Адаттагыдай, күнөөнүн баарын өкмөткө оодарышты. Мыйзамдагы оркойгон катаны өткөрүп жиберген 120 депутаттын кайдыгерлиги жөнүндө сөз болбоду.
ЕАЭБдин Бажы кодекси - 465 беренеден турган көлөмдүү документ. Кодекстин долбоору 2016-жылы августта Сочиде бекитилип, ушул эле жылы ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн президенттери кол коюшкан. Алгач ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Бажы кодексинде кыргыз тараптын кызыкчылыгы корголбой калган деп документке кол коюудан баш тартып, талаш-тартыштардан кийин кол койгон. Негизи, кодекс 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирмек, Кыргыздын сунушу менен 2018-жылдын 1-январына жылдырылган эле. Эксперттер муну Кыргыз тараптын утушу деп баалашкан. 2017-жылы депутат Бакыт Төрөбаев Кыргыз тарап ЕАЭБге кайдыгер карап жатканын, уюмдун Бажы кодексине жалпы 1500 сунуш киргизилсе, анын ичинен 5-6 гана сунуш Кыргыз тараптыкы экенин айтып чыккан.
ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арада бажы жол-жобосун жеӊилдетет. Мурда товар өткөрүүнүн стандарттык убактысы 2 сутка болсо, эми 4 саатта өткөрүүгө шарт түзүлөт. Тагыраагы, бажы операциялары электрондук форматта жүргүзүлүп баштайт. Мисалы, товарга декларация толтуруу иши инспектордун катышуусу жок, маалыматтык систем аркылуу ишке ашырылат. Кыскасы, ишкерлердин товар экспорттоосуна жеӊилдик берилет, адамдык фактор азайып бара-бара тармак толугу менен санариптик форматка өтөт, ЕАЭБде соода-сатыктын көлөмү өсөт деп түшүндүрмө берилүүдө. Бул убакытты үнөмдөөгө гана эмес, Кыргыздын бажы тармагын коррупциялык системден, пара алууга көнгөн кызматкерлерден тазалоого да шарт түзүүдө. Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саргсяндын билдиришинче, кодекске ишкерлер айткан сунуштардын 70 пайызы киргизилди. Эми Кодекстин артыкчылыктарын пайдалануу гана калды...
Жаӊы 2018-жылды Кыргыз өлкөсү адаттагыдай жакшы маанайда тосту. Куттуктоолор, майрамдык салтанаттар, элдин жарык маанайы... Тойдун эртесин сөз кылсак.
31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкөдө 309 ымыркай жарыкка келди. Төрөлгөндөрдүн көбү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында. Жылдагы көрүнүш: майрамдык кечеден кийин Бишкектин "Ала-Тоо" аянты таштандынын астында калып, "Тазалыктын" жумушчулары аянттан 10 тонна таштанды чыгарышканы айтылды. Ушундай эле көрүнүш Ош шаарынын борбордук аянтында да орун алды.
2018-жылда жүргүнчү ташып иштеген айдоочулар үчүн жагымдуу кабар. Ички иштер министрлиги оӊ рулдуу автоунааларда жүргүнчү ташууга 2018-жылдын 1-январынан тарта тыюу салуучу мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул мыйзамды Транспорт жана жолдор министрлиги иштеп чыгат, ага чейин оӊ рулдуу унааларда жүргүнчү ташууга "жашыл жарык".
1-январдан тарта Салык кодексиндеги жаӊы нормалар күчүнө кирип, тамекинин баасы кымбаттай баштады. Акциздик салык көтөрүлгөндүктөн, 2020-жылга чейин өлкөдө 1 куту тамекинин баасы жыл сайын 5-6 сомго кымбаттамакчы.
Чүйдө 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар 2 аялды атып кетишкен. Кылмышка шектелип 19, 20, 23 жаштагы 3 жаран кармалып, тергөө башталды. Жакшысы, жагымсызы аралаш жаӊырган жылдын алгачкы урунттуу окуялары ушулар...