Мындан 3 жыл мурун 2-январь күнү белгилүү ырчы Гүлзат Батырканова жол кырсыгына кабылып көз жумган.
Ырчы, "Сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын кызы болгон. Сахнага алгачкы жолу 3-класс кезинде Токтогулда "Баатыр жөжө" аттуу ыр менен чыккан. Кийинчерээк "Жаш кыял" эстрада ансамбли ачылып, ага кирген. КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө" ырлары менен таанылган.
Гүлзат Батырканова 2015-жылы 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып жол кырсыгына кабылган. Жолдошу менен бара жаткан унааны каршы тилкеде келе жаткан унаа сүзгөн. Кырсыктан ырчы каза болуп, күйөөсү катуу жаракат алган. Ырчынын сөөгү 4-январь күнү Кызыл-Дыйкан айылына коюлган. Анын артында бир кызы жана бир уулу калган.
2-январдын жылнаамасы.