Бүгүн, 2-январда президент Сооронбай Жээнбеков Кубанын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту өлкөнүн Боштондук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
“Сизди Куба Республикасынын боштондукка чыккан күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө жана байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдарлыгымды билдирем. Жагдайдан пайдаланып, сизди жаңы 2018-жыл менен куттуктап, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Куба элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм”, - деп жазылат куттуктоодо.