Чүйдүн Беловодск айылында шектүү кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн келин жана анын апасынын сөөгү жерге берилди

Чүйдүн Беловодск айылында шектүү кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн келин жана анын апасынын сөөгү бүгүн, 2-январда жерге берилди. Маркумдардын кошунасы Иван Ивановдун айтымында, кылмыш 31-декабрдан 1-январга караган түнү болжол менен саат 4 чамасында болгон.

"Үй ээсинин балдары Жаңы жылды майрамдап досторунун үйүнө кетишиптир. Түнкү саат 4тө үйдүн дарбазасы тыкылдаганда келин балдарым келди го деп ачат. Эшиктин алдынан бет капчан кылмышкерлерди көргөн келин үйдү көздөй качканда башка атышыптыр. Андан кийин келиндин апасын да башка атып өлтүрүшкөн экен. 3 белгисиз адам үйгө кирип, ээсин коркутуп, 2 айлык небересинин башына мылтык такап, акча бер же болбосо атам дептир. Ал коркконунан үйдө болгон акчасын бериптир. Анан ал кылмышкерлердин бирөөсүн таанып калган окшойт, айтор аны да атышкан. Ок моюнга тийип аман калыптыр. Эсине келип милиция чакырыптыр. Наристеге тийишкен эмес. Бул окуяны мен кечээ түштө уктум. Кошунам чочко багып сатчу. Миллионер деле эмес болчу. Жетиштүү жашачу", - деди.

Эске салсак, кылмышка шектүүлөр үйдөн 100 миң сом өлчөмүндөгү акча алып, андан сырткары 93 миң сомдук алтын зер буюмдарды уурдап кетишкен. Шектүү деп кармалган жарандардын аты-жөнү такталып, алар Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. экени белгилүү болгон.

"3 айлык наристеге курал такап, акча бербесең атып салам дептир" дейт маркумдардын кошунасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aibars
2018-01-02 15:43:51
Орустар кылганго аттарына караганда. Окунучтуу
0
KAPTA
2018-01-02 16:41:48
Омур бою эркинен ажыратууну сунуштаймын!
+3
TOLLI
2018-01-02 17:15:09
Кылмышкерлерди омур бою баккыча олум жазасын киргизиш керек.
+2
guli-1980
2018-01-02 17:38:09
Кылмышкерлердин атын жашырбай эле койсо не
+3
zzz---zzz
2018-01-02 19:11:03
Мен бир нерсени тушунбой калдым 2 айлык, 3- айлык наристе деп жазган чыгармалары а балким 3- жашар эмеспи милиция чакыра турган.
0
Beksultanshumkarbekov
2018-01-02 21:53:06
zzz---zzz,үйдүн ээсин коркутуп 2айлык баласына мылтык такаптыр
+3
Baatirbek81
2018-01-02 20:07:57
Эки айлык дебей туура жазышса болмок.кылмышкерлерди өмүр бою кордош керек аларды жөн эле бакпай.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан