
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдар эмнеге үйүндө эмес, көчөгө чыгарда жасанышат?" деген тема талкууга алынган.
Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:
"Буга биз, эркектер күнөөлүүбүз, колдон келсе жасантпай чыгарышыбыз керек. Үйүнөн ашыкча эле жасанып, кыска кийинип чыккан аялдардын күйөөсүн мен алсыз эркек деп эсептейм".
"Күнөөнүн баарын эле аялга коёсуңар. Ошол аялыңар көчөгө жасанбай, боёнбой чыкса намыс кылып, 2 метр алыста жүрсөңөр керек, сулуу кыздарды көрүп шилекейиңер куюлуп. Өзүңөр деле аялыңар көчөгө сулуу болуп, жасанып чыгышын каалайсыңар, анан калп эле "боёкту чаптап алат" деп жаман көрөсүңөр. Мен өзүм үйдө да, көчөгө чыгарда да боёном".
"Мен үйдө жеңил боёном, маанайым бар болгондо гана. Болбосо жүрө берем, себеби балдарымды кучактап, өпкүлөп жатып боёк эмес, чачымдын да сыны бузулат. Мындан сырткары үйдө үй жумуштары бар, отурасың, турасың, кыймылдайсың, ысыктын күнү жумуш жасоо үчүн боёктон бронежилет кийүү - өз терисин аябагандык. Балдар менен бир жакка барганда ыңгайына жараша кийинип алган мага да, балдарга да, кыскасы баары үчүн жакшы".
"Аялыңдын төрт тарабы келишкен, ыймандуу болушун каалайсыңбы, сен биринчи ошого татыктуу күйөө бол. Үйдө жасанып, артист көйнөк кийип, үлпүлдөп отурушуна шарт түзүп бер".
"Ар бир аял таза, тыкан болуп жүргөнү жакшы го. Үйдөн жумуш кыласың, чаң болосуң. Айылдагы келиндер казанда тамак жасап ыш жыттанат, көө болот, анан ошонусу менен көчөгө кетип калса көргөндөр эмне дейт. Досуңдун аялы жакшынакай, тыкан кийинип жүрсө, сенин аялың жүдөп-какап, кебетеси күнгө күйүп жүрсө жакшыбы?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.