"Аль-Жазира+" онлайн каналы 2017-жылдын 30-декабрында аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн дүйнөдөгү мыкты айымдардын рейтингин жарыялады. Тизмеге 9 айым кирген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева да бар. Эл өкүлүнүн бүгүн, 2-январда SUPER.KG'ге билдиришинче, канал чет өлкөлүк "Thompson Reuters Foundation" уюмунун быйыл жай айында анын аялдардын укуктары үчүн күрөшкөнү тууралуу тарткан документалдуу тасмасынын негизинде ушундай жыйынтыкка келген.
"Thompson Reuters Foundation" уюму быйыл жай айында активдүү лидер айымдар тууралуу тасма тарткан. Мен ал тасмада Кыргыз мамлекетиндеги аялдардын укуктары, көйгөйлөрү тууралуу айтып бергем. Менин тасмада айткан сөздөрүмдүн, демилгелеримдин негизинде 9 айымдын ичинен 7-сапка жайгаштырыптыр", - деди ал.
Белгилей кетсек, Аида Касымалиева Жогорку Кеңешке 2017-жылдын 28-мартында депутат болуп келген. Депутат катары парламент жыйынында аялдардын, балдардын укуктары боюнча бир катар сунуштарын берип келет.