Европа биримдиги билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлдү

Кыргыз мамлекетинин билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган каражатты Европа биримдиги бөлдү. Бул каражат билим берүү тармагына бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат.

"Окутуунун жана педагогикалык стандарттардын сапатын жакшыртуу максатында каражат бөлүндү. Бул келишим ратификациядан Жогорку Кеңештен өтүп жатканда ушул эле акчага окуу китептерин сатып алуу, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо жана бардык мектептерге интернет өткөрүп берүү керектиги айтылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurik1988
2018-01-03 08:39:51
Жеп тынатта каяактагы интернетти кошмок Эле биздин жеп жуттарлар
+3
KUBI
2018-01-03 09:13:19
Дагы жыргайт турбайбы билим беруу чиновниктери.Жашоо шартары онолуп, асмандан издегени жерден табылып ура жегиле.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-03 09:54:03
Оххх кыштан семиз чыгышат булкунуп
+2
sirgak_92
2018-01-03 10:06:58
Оооууу библии беруу министирлиги болуп корбогондой жыргашат экен да.Калтасы калын болуп
+2
Baatirbek81
2018-01-03 11:21:00
sirgak_92,калта деген казакча кыргызча калта деген уйат болот чырагым
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан